Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕНЧ (УЛУТТУК, ЖАЛПЫ, ЖАЛПЫ ЭЛДИК ) – кимдир бирөөнүн кандайдыр бир деңгээлде менчиги болгондугуна карабастан, бул же тигил объектинин (материалдык жана материалдык эмес) жалпы социалдык маанисин билдире турган тармактар аралык укук категориясы. Тигил же бул мүлктү (жер, жер катмары, маданият баалуулуктары ж. б.) коомдук (улуттук, дүйнөлүк) кенч катары таануудан улам, ал байлыкты мыйзамда каралган тартипте адамдардын кеңири чөйрөсүнүн пайдалануусуна, ошондой эле, баарыдан мурда, менчик ээсинин (эгер ээси бар болсо) ал мүлктү келечек муундар үчүн сактоону камсыз кылуусуна байланышкан белгилүү бир укуктук алкагын пайда кылат.